Бүгүн, 28-мартта SUPER.KG сайты иштеп баштаганына 20 жыл болду.
Порталдын тарыхына токтоло өтсөк, 2006-жылы 28-мартта дал ушул күнү SUPER.KG сайты иштей баштаган. SUPER.KG маалымат-маанайшат порталы Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин жеке сайты катары ачылган.
Алгач порталга аталган гезиттин электрондук версиясы жайгаштырылчу. 2008-жылы портал “Медиа-портал” бөлүмү менен толукталып, анын ичинен “Элдик видео” бөлүмү ачылган. 2011-жылы "Жылнаама" бөлүмү ишке кирип, анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.
Ал эми 2012-жылы SUPER.KG порталы "Супер-Инфо" гезитинен бөлүнүп, өз алдынча компания катары ишин уланткан. Бүгүнкү күндө медиада Соңку кабар, "Супер-Инфо", Видео, Медиа портал, Кинозал, Жылнаама, жана Суперстан бөлүмдөрү камтылган.
Сайтта коомдук жаңылыктар онлайн режиминде Соңку кабар бөлүмү аркылуу элге жеткирилип турат. Портал окурмандарын саясат, коом жана турмуш, спорт, маданият, шоу-бизнес, элдик кабар, кылмыштар, кырсыктар, түркүн дүйнө жана башка рубрикаларындагы маалыматтар менен камсыздап келет. 2008-жылы порталдын YouTube каналы ачылып, 2018-жылы YouTube'дун “Күмүш баскычына”, ал эми 2022-жылы "Алтын баскычына" ээ болгон.
“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында SUPER.KG медиа порталы интернет ресурстары көп окулган жана көрүлгөн медиалардын арасында 3-орунда жайгашкан. Ал эми кыргыз тилдүү медиалардын арасында 2-орунду ээлеген.
SUPER.KG порталынын Инстаграм жана Ютуб каналында 1 миллиондон ашык катталуучусу бар. Медиа порталда ошондой эле Элдик кабар бөлүмү дагы бар. Бул аркылуу карапайым эл коомдогу көйгөйлүү маселелерди айтып, портал аны жарыялап, жардам берип келет.