Биз социалдык тармакта

Иран менен Орусиянын ТИМ башчылары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.

Сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу перспективалары талкууланган.

"Министрлер АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясынын натыйжасында Жакынкы Чыгышта болуп жаткан оор согуштук-саясий кризисти кеңири талкуулашты.

Чыр-чатакты эл аралык укуктун негизинде жана аймактагы бардык мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен саясий-дипломатиялык жөнгө салуу перспективалары боюнча пикир алмашуу болду", - деп жазылат анда.

Мындан тышкары Лавров Арагчиге орусиялык гуманитардык жардамдын жаңы партиясын Тегеранга жеткирүү тууралуу маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан