Бириккен Улуттар Уюму Ормуз кысыгында кемелердин коопсуздугун камсыздоо үчүн жумушчу топ түздү. Аны БУУнун Долбоордук Кызматтар Бюросунун башчысы Хорхе Морейра да Силва жетектейт.
Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун жетекчисинин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифингде айткан.
Жаңы топтун иши – кысык аркылуу жер семирткичтерди жана чийки заттарды ташууну жеңилдетүүгө багытталганы белгиленди.
"Башкы катчы БУУнун Долбоордук Кызматтар Бюросунун аткаруучу директору Хорхе Морейра да Силва жетектеген жумушчу топ түздү", - деген Дюжаррик.
Эл аралык басылмалар жазгандай, топтун негизги багыты Ормуз кысыгындагы гуманитардык максаттарга жетүүгө жардам бере турган техникалык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болот.
Буга чейин дагы эки эл аралык кеменин экипажы Ирандын ракеталык чабуулдарынан кооптонуп, Ормуз кысыгын кесип өтүүдөн баш тартканы кабарланган.