Биз социалдык тармакта

"Өмүр бул аманат". Трюк көрсөтүп мопед айдаган айдоочу аныкталды (видео)

Бишкекте кооптуу манёвр жасаган мопед айдоочусу аныкталып, эскертүү берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.

Ага ылайык, айдоочу мопеддин алдыңкы бөлүгүн көтөрүп айдап, жыгылып кеткен. Анын айынан айдоочу жеңил жаракат алган.

Жол милициясы тарабынан айдоочунун өздүгү аныкталып, тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Кайгуул кызматы мопед айдаган айдоочуларга кайрылып, жол эрежелерин так сактоого чакырды.

"Жол тилкесинин оң жагы менен айдаңыздар. Өмүр - бул аманат. Аманатка бекем бололу", - дешти милициядан.

Кооптуу манёвр жасаган мопед айдоочусу аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан