
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 413 миң 6 адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялады.
Жогорудагы көрсөткүч ушул жылдын 1-февралына карата алынган. Анын ичинен:
- Аялдар — 3 миллион 745 миң
- Эркектер — 3 миллион 668 миң 500
Калктын бөлүштүрүлүшү:
- Шаар калкы — 3 миллион 135,6 миң
- Айыл калкы — 4 миллион 277,9 миң
Эң көп калк Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт.