29-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу эл аралык спорттук иш-чарага катышты.
Анда Касымалиев, Кыргызстан – тоолуу өлкө, Борбордук Азиянын суу мунарасы экенин белгилеп, Кыргызстанда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн суу объекттери ылайыкташканын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын балык уулоочу спортчулары да эл аралык чоң мелдештерде өздөрүн көрсөтө баштаганын белгилеп өттү.
“Фидер” дисциплинасындагы Кыргызстандын курама командасы 2024-жылы Испанияда өткөн дүйнө чемпиондугунда 20-орунду ээлеген. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Алдыда апрель айында Италияда 15-дүйнөлүк чемпиондук болот. Тузсуз сууда балык уулоо боюнча Эл аралык федерацияга 70 өлкө мүчө болуп кирген. Ага Кыргызстандын курама командасы да активдүү даярданып жатат.
Табият менен тең салмакта жашоо, кыйынчылыктан чыгуу – адамдын ички күчүндө, бекем эркинде. Булар табият тартуулаган күчтөр, адамзаттын эч качан жоголбогон ички багыты. Дал ушул спорт – адамдык мыкты сапаттарды калыптандырат. Балык уулоо менен – сабырсыздыкты жеңүү маанилүү. 2026-жылга фидер сезонун расмий түрдө ачык деп жарыялайм”,- деди Касымалиев.
Эл аралык турнир 28-29-март күндөрү өткөрүлүп, Казакстан менен Өзбекстандын да спортчулары катышты.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2016-жылы Балык уулоо спорту федерациясы расмий түрдө түзүлгөн.