Бишкек - Ош унаа жолунда айдоочулар ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин учтуу нерсе менен коркутууга алды. Аталган окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Кадрлардан эки айдоочунун урушуп жатканын көрүүгө болот. Окуянын башка катышуучулары абалды тынчтандырууга аракет кылышканы да көрүнөт. Күбөлөр окуя аталган жолдун болжол менен 480-чакырымында болгонун белгилешүүдө.
Азырынча укук коргоо органдары тарабынан расмий комментарий бериле элек.