Нарында катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Аталган каргашалуу окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Тасмадан унаа катуу ылдамдыкта баратып, алдыдагы унаадан качам деп токтоно албай карама-каршы тилекеге чыгып, жол жээгинде бара жаткандарды сүзүп алганын көрүүгө болот.
Учурда окуя боюнча тийиштүү кызматтар маалымат берише элек.