
Чүй облустук милициясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция 57 жаштагы киши баңгизат сатып келгенин аныктап, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишин ачкан.
Натыйжада, шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 40 грамм өлчөмүндөгү баңгизат табылган. 57 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.