Биз социалдык тармакта

Бишкекте бирөөнүн унаасынын салонун өрттөп салган жаран кармалды

Бишкекте 35 жаштагы жаран башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 29-март күнү саат 4:40 чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын салонун өрттөп жиберген. Унаанын ээси милицияга кайрылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, шектүү изи сууй электе колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан