Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр жабырлануучудан бөлүп төлөө шарты менен BMW 540I үлгүсүндөгү унаасын алган. Унаанын баасы 40 миң доллар болгон. Баштапкы төлөм катары ал 5 миң доллар берген. Бирок андан кийин шектүү унааны үчүнчү жактарга сатып жиберип, калган 35 миң долларды төлөбөй кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 32 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан