Биз социалдык тармакта

Өлкө туризмден канча киреше тапты?

Былтыр туризмден түшкөн киреше 1 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, аталган көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга жогору. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча туризмдин ички дүң продукттагы үлүшү 3,8 пайызды түзүп, жалпы кошумча нарк 74,4 миллиард сомго жеткен.

"Учурда туристтик тармакта болжол менен 129 миң чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барууда. Кыргызстан Борбордук Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары өз позициясын бекемдөө боюнча стратегиялык багытын ырааттуу ишке ашырууда",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан