Биз социалдык тармакта

"Жашоону сүйөм". Ырчы Аяна Касымова 27 жашка толду 

Бүгүн, 30-март белгилүү ырчы Аяна Касымованын туулган күнү. Ал бул жылы 27 жашка толду. Ырчы айым өздүк майрамында социалдык тармактагы баракчасына пост жүктөп, билдирүү калтырган.

"Мен бүгүн 27 жашка толдум. Дагы деле окуп, ката кетирип, өсүп жатам. Мен бул жашоону сүйөм",- деген ырчы айым.

Аяна Касымова Бишкек шаарында 1999-жылы ушул күнү чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчы 3 жашынан баштап "Ак Шоола" балдар хоруна барган. Аяна Касымова ырчы Айыма Айылчиева менен биргеликте "Атам менен энеме" жана жеке өзү "Сүрөтүңө" ырларын жаңыртып ырдагандан кийин жалпы коомчулукка тааныла баштаган.

Аяна Касымова буга чейин Селин Дион сыяктуу популярдуу ырчылардын ырларын камтыган биринчи альбомун чыгарган. Учурда ырчы "Адамзат", "Айла жок", "Энеме", "Ардагым", "Кыздын ыры", "Асылзар" жана башка бир нече чыгармаларды аткарып келет.
Аяна Касымова учурда жолдошу менен Швеция өлкөсүндө жашайт. Жубайлар өткөн жылдын ноябрь айында уулдуу болушкан.

30-мартка карата жылнаама.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан