
Баткендин Зардалы айылында кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдагы иштер менен таанышып чыкты. Акыркы убакта айылда электр жарыгы, байланыш, жол жана көпүрө маселелери чечилип, жашоо шарт бир топ жакшырганы айтылат.
Долбоор Садыр Жапаровдун фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.