Ош шаарынын мэри Жанар Акаев "Номад" телеканалына курган маегинде эртең менен эрте объекттерди кыдырган учурлар болуп жатканын айтты.
Ал бирок бул иштерин камерага тарттырбастан аткарып жатканын белгиледи.
"Кээ бир күндөрү караңгыда эле чыгып кетем. Бирок мен камераны ээрчитпей эле курулуп жаткан объекттерди көрүп, анан кайра саат 8:00гө чейин жумушка келип калам",- деди Акаев.
Айта кетсек, калаанын мурунку мэри Жеңишбек Токторбаев элге таңкы кыдыруусу менен таанылган. Ал эртең менен эрте тиешелүү кызматкерлерди ээрчитип алып, жасалып жаткан иштер менен таанышчу. Анын таңкы кыдыруусундагы видеолорду мэриянын маалымат кызматы жарыялап келген.