Жанар Акаев Ош шаарынын мэрилик кызматы ага тез буюруп калганын айтып, кызматка барарда жакындары менен акылдашканга убактысы болбогонун билдирди.
"Түштөн кийин президент менен жолугуп, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча кенен талкуу өткөргөндөн кийин таңга маал аэропортто болуп калдым. Чынында кесиптештерим менен коштошо албай калдым. Эртең менен чогуу келген өкмөт башчы жумуш ордума отургузуп, анан ал кайра кетти. Түндө үйдөгүлөргө айткам "ушундай өлкө жетекчилигинин чечими болду" деп",- деди ал "Номад" телеканалына курган маегинде.
Айта кетсек, 18-февралда Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэрлигинен алынып, ордуна Жанар Акаев дайындалган.