Бишкектен "Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолдун жээгинде бир катар курулуштар жүрүүдө.
Учурда “Манас” аэропорту толук жаңыланып жатат, аба майданы 20 миң чарчы метрге чейин кеңейет. Анын маңдайына 650 орундуу унаа токтотуучу жай курулууда.
Шаар тарапты көздөй бет алганда логистикалык борбор, жаңы “Ош базары” менен автобекет, элоктромобиль чыгарган завод, тигүү цехи жана турак жай комплексттери курулууда.