Ош шаарындагы рекультивация болгон дагы эки көрүстөнгө көчөттөр отургузулуп, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Гөр көрүстөнүнүн ордун көрктөндүрүү иштерине жогорку окуу жайлар да тартылып, Ош мамлекеттик университетинин жардамында 4 түрдүү көчөттөр отургузулду. Ал эми Мажүрүм-Тал көрүстөнүнүн ордуна 250дөн ашуун эмен дарагы эгилип, көчөттөр Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан камсыз кылынды.
"Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун жашылдандыруу иштери каралган. Учурда 4 эски көрүстөн көрктөндүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 4 жайга көчөттөр отургузулат",- деп белгиленген маалыматта.