Биз социалдык тармакта

Ак-Суудагы "Алтын-Булак" санаторийи мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Алтын-Булак" санаторийи мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 30-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Натыйжада базар баасы 71,6 миллион сомду түзгөн санаторий жана 3,43 миллион сомду түзгөн 0,51 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан