
2026-жылы өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. Бул тууралуу 30-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен учурда курулушу уланып жаткан долбоорлор:
- Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол;
- Нарын — Баетов;
- Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка;
- Сафаровка — Барпы жолдору улантылат.
Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулманын:
- Барскоон – Бедел жолунун;
- Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу;
- Лебединовка – ГЭС-5;
- Бишкек – Кант;
- Арашан – Чуңкурчак;
- Бишкек – Күн-Туу – Шопоков сыяктуу объектилердин курулушу улантылат.
Инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат:
- "Суусамыр – Талас – Тараз" автожолун реконструкциялоо (IV фаза);
- Корумду – Балбай Баатыр участогу;
- Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок.
Жаңы долбоорлор:
- Профсоюз көчөсү – 8,5 чакырым;
- Жаны Ош базарына барчу жол – 8,7 чакырым;
- Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол – 15 чакырым;
- Ак-Суу районундагы Бозучук – Жыргалан унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө;
- Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» («Ала-Тоо резорт») тоо лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу;
- Жети-Өгүз – Койсары (Жети-Өгүз курорту) унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо;
- Узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык – Кишемиш – Дөнөн – Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу.
Белгилей кетсек, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми Титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган.