Ош шаарында биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.
Жыйында коомдук коопсуздук, жол кыймылы жана майыптыгы бар жарандардын укуктарын камсыздоо маселелери каралды.
Мэр шаар тургундарынын коопсуздугу башкы орунда экенин белгилеп, видеокөзөмөл системаларын кеңейтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйын соңунда тиешелүү кызматтарга ыкчам иш алып баруу боюнча милдеттер жүктөлдү.