Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Беларусь кызматташууну чыңдоону талкуулашты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молунов менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматкк ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле Беларусь Премьер-министри Александр Турчиндин 4–5-июнунда Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдык көрүү маселелерине көңүл бурулду. Сапардын алкагында расмий жолугушууларды өткөрүү жана кыргыз-беларусь бизнес форумун уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана логистика тармактарындагы кызматташуу маселелери каралды.

2026-жылдын экинчи жарымында Минск шаарында өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана аны конкреттүү жыйынтыктар менен бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан