Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Чолпон-Ата шаарындагы автоунаа жолдорун курууда колдонулуп жаткан битумдун сапатына көчмө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер:
• техникалык жана коштоочу документтерди изилдеди,
• материалдардын белгиленген талаптарга шайкештигин баалады,
• үлгүлөрдү алып лабораториялык сыноолорго жөнөттү.
Лабораториялык жыйынтыктардан соң продукциянын колдонууга ылайыктыгы боюнча акыркы чечим кабыл алынат. Сапатты көзөмөлдөө курулуш ченемдерин сактоонун негизги шарты болуп эсептелет.