Ош шаарында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучулар салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлоо аземинде мэрдин фондунан окуучуларга жалпы 1 250 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Быйыл Ош шаарынан олимпиадага 36 окуучу катышып, анын ичинен 8и жеңүүчү болду. Командалык эсепте шаар Бишкектен кийинки 2-орунду ээледи.
Республикалык олимпиаданын IV этабы 27-28-март күндөрү Бишкекте өтүп, 322 окуучу 17 предмет боюнча күч сынашты.