Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы жарыктандыруу долбоору каралды

Бишкек шаары санариптик технологияларды киргизүүдө жаңы кадам жасоого даярданууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчы Айбек Жунушалиев инновациялык жарыктандыруу тирөөчтөрүн орнотуу боюнча пилоттук долбоор менен таанышты.

Долбоор “Ai-smart” компаниясы тарабынан сунушталып, ал көчө чырактарын жөн гана жарык берүүчү каражат эмес, көп функциялуу санариптик элементке айлантууну көздөйт.

Бул тирөөчтөр:
— энергияны үнөмдөйт
— шаарды архитектуралык жактан кооздойт
— санариптик мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт

Мэрия долбоорду келечектүү деп баалап жатат. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги каржылык жагын так эсептеп чыгып, андан соң чечим кабыл алууну көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан