Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, мындай чаралар жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле бир нече автобустук каттамдардын кыймыл-чиймеси да убактылуу өзгөртүлөт.