Биз социалдык тармакта

"Келечек" борборунда 3 жыл ичинде 2044 майыптуулугу бар бала реабилитациядан өттү

Бишкектеги "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдар аралыгында майыптуулугу бар 2044 бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2026-жылдын биринчи кварталында 175 бала реабилитация курсунан өттү, алардын ичинен кыздар - 71, эркек балдар - 104.

"Борбордун кызматтарын алган балдардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жашайт - 48 бала. Андан кийинки орундарда Чүй облусу - 25 бала, Жалал-Абад облусу - 15, Нарын облусу - 29, Ысык-Көл облусу - 28, Ош облусу - 7, Талас облусу - 14 жана Баткен облусу - 9 бала. Борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарга акысыз комплекстүү кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн. Борбордо Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы, аутизмдин жеңил формалары, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдарга жардам көрсөтүлөт",- деп белгиленет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан