Биз социалдык тармакта

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 2028-жылы аяктайт

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу 2028-жылы аяктайт. Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар оңдолот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал курулуш ишинин жүрүшү менен жерине барып таанышканын, көпчүлүк тилкелерде таштар кулап, кар көчкү жана күрткүлөр басып калган кооптуу аймактары бар экенин белгиледи. Орунбеков жол 2014-жылы Кытайдан жана башка донорлордон алынган насыя менен башталганын, убагында алынган насыянын жарымы желип кеткенин кошумчалады.
"Ал эми элдин талабы жолду тезирээк бүтүрүп, ишке киргизүү. Бирок толук бүтпөгөн тилкелер жүргүнчүлөр үчүн опурталдуу, кооптуу бойдон калууда. Ага карабай жүргүнчүлөр посттордо турган күзөтчүлөргө сүйлөшүп, пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар. Элдин талабын жана суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Кеч күздө ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин жол кайра жабылат. Убагында уурдалган каражаттар боюнча кылмыш иши козголгон, сот иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан