Биз социалдык тармакта

Майлуу-Суу шаарынын мэри алмашты

Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алмаз Байгазиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Жумаев өткөн жылы январда аталган шаарга башчы болуп дайындалган. Ал эми Байгазиев Ысык-Көл районунун акиминин орун басары болуп иштеп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан