
2026-жылы Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунун 130-146-чакырымдар аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ашуунун 80-139-чакырымдар тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштери да жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек-Ош автожолу реконструкцияланган убактан тарта, дээрлик 20 жылдан бери алмаштырылган эмес.