Агартуу министрлигинин 31-мартта берген маалыматына ылайык, 1-апрелден тарта балдарды мектепке электрондук каттоо башталат. 2026-жылы 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:
Биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталат жана жашаган жери боюнча (мектептин микроучастогу боюнча) катталган балдар үчүн каралган.
Экинчи этап 1-июнда башталат. Бул мезгилде ата-энелер бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алышат.
Арызды 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу же болбосо "Түндүк", MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу онлайн түрдө берүүгө болот.