"Urban Hub Bishkek" тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Калаа башкармалыгы күн сайын 1250-1300 автобус каттамга чыгып жатканын белгиледи. Учурда коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп жатат. Айрым автобустар нөөмөт менен каттамга чыгарылат. Автопарктын пайдалануу коэффициенти 85 пайызды түзөт.
"Ошондой эле бүгүнкү күндө былтыр ноябрь айында сатып алынган 95 жаңы автобус боюнча документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүүдө. Бардык зарыл процедуралар аяктагандан кийин автобустар каттамга чыгарылат. Бул 95 автобус эксплуатацияга киргизилгенден кийин автопарктын пайдалануу коэффициенти жогорулайт",- деп айтылат маалыматта.