Орусиялык белгилүү рэпер Мот жанан анын жубайы Мария Мельникова Бишкекте өткөн концертинде кыргыз кийимдери менен сахнага чыгып, көрүүчүлөрдү суктандырды.
Жубайлар сахнага кыргызстандык BAIRA брендинин өзгөчө образдары менен чыккан. Көрүүчүлөр рэпер менен анын жубайынын стилин жогору баалап, социалдык тармактарда да активдүү талкуу болууда. Аталган бренддин дизайнери жубайлар үчүн гана эмес, концерттеги бийчилер үчүн да эксклюзивдүү образдарды жараткан.
"Чыгармачылыгыңыздар жана таза жан дүйнөңүздөр үчүн ыраазычылык. Сиздерге образ жаратуу биз үчүн ырахат болду",- деп билдирүү калтырган BAIRA бренди.
Ал эми рэпер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мындай образдар үчүн ыраазычылык билдирип, аны сыймыктануу менен кийгенин билдирген.