Биз социалдык тармакта

Быйыл кайсы аймактагы жолдор оңдолот? Транспорт министрлиги маалымат берди

2026-жылы өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекеттик капиталдык салымдын негизинде 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралды. Бирок толуктоолор кириши мүмкүн.
Улантылуучу курулуштар: мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол, Нарын - Баетов, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жана Сафаровка - Барпы жолдору, Түндүк - Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулма, улуттук маанидеги Барскоон - Бедел жолунун, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун, ошондой эле Лебединовка - ГЭС-5, Бишкек - Кант, Арашан - Чуңкурчак, Бишкек - Күнтуу - Шопоков сыяктуу объекттер.
Муну менен катар, инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат:
"Суусамыр - Талас - Тараз" автожолун реконструкциялоо (IV фаза) - узундугу 93 чакырым;
Корумду - Балбай Баатыр участогу - узундугу 79,3 чакырым;
Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок - узундугу 75 чакырым.
Жаңы долбоорлор:
Профсоюз көчөсү - 8,5 чакырым,
Жаңы Ош базарына барчу жол - 8,7 чакырым,
Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол - 15 чакырым,
Ак-Суу районундагы Бозучук - Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө,
Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" тоо лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу,
Жети-Өгүз - Койсары унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо,
Узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык - Кишемиш - Дөнөн - Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан