Биз социалдык тармакта

2025-жылы берилген микрокредиттердин суммасы 86 миллиард сомду түздү

2025-жылы берилген микрокредиттердин суммасы 86 миллиард сомду түзүп, алуучулардын саны 1 миллион 685 миң 600 адамды түздү. Бул тууралуу 31-мартта Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга салыштырганда калктын саны 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү дээрлик 32 пайызга көбөйгөн.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин 62 пайызы керектөө муктаждыктарына туура келди. Ал эми 15 пайызы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүнө, 10 пайыздан ашыгы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө берилген.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу санын Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустары түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан