Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен балдар аянтчасына арматура түшүп кетти. Бул окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, кулап түшкөн арматураны кол менен чоң киши көтөрүүгө мүмкүн эмес. Курулуш материалы балдар аянтта ойноп жаткан учурда болгондуктан алар кооптонушууда. Бирок видеонун автору курулуштун дарегин айткан эмес.
Учурда тийиштүү кызматтардан расмий маалымат бериле элек.