Жаңы айдоочулук күбөлүктөр башка өлкөлөрдө да мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги жаңы айдоочулук күбөлүктү башка өлкөлөргө Кыргызстандын ошол мамлекеттердеги элчиликтери аркылуу жеткирген.
"3 айдан бери дипломатиялык булактар аркылуу эч кандай дооматтар түшкөн жок. Демек, биздин күбөлүктү дүйнө кабыл алды. Балким, айрым өлкөлөрдө, айрым айдоочулук ишканаларга биздин күбөлүк жетпей калышы мүмкүн. Ошон үчүн айрым өлкөлөрдө көйгөй жаралып жатышы ыктымал. Биз бул боюнча тапшырмаларды бердик",- деди Имангазиев.
Буга чейин социалдык тармактарда жаңы күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканы тууралуу маалыматтар тараган.