Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, "Эмгек" партиясынан шайланып барган депутат өз арызынын негизинде мандатын тапшырды.
Эскерте кетсек, марттын башында Асанбеков Орто-Сай айылындагы көрүстөндүн жанына көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканын айтып, тынчыздануусун билдирип чыккан.