
Алдыда жаздын жылуу, күн нуру ачык тийген күндөрү башталды. Бул күндөрдө сыртка көбүрөөк чыккандыктан, адистер көз айнек тагынуу, күндөн көздү коргоо маанилүү экенин эскертишет.
Күндүн таасиринен коргонуу жаз, жай айларында өзгөчө маанилүү, себеби бул мезгилдерде күндүн ультрафиолет нурлары көзгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Мындан улам "кандай көз айнек тагынуу керек жана аны кантип тандайбыз?" деген суроолор жаралат. SUPER.KG порталы алдыда ушул суроолорго жооп издейт.
Көздү күндөн коргош керекпи? Кантип коргойбуз?
Офтальмолог Айдай Асатиллаева жооп берет:
Сөзсүз түрдө көзүбүздү күндөн коргошубуз керек. Күндөн келген ультрафиолет көк нурлары көзгө зыян болуп саналат. Бул нурлар көздөгү тордомо челдин пигментин күйгүзүп салат. Эгер тордомо челге зыян келсе, ал кайра калыбына келбей калышы мүмкүн. Ошон үчүн эшикте жүргөндө, айрыкча биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан ультрафиолет нурлары жогору, мындан улам сапаттуу көз айнек тагынуу өтө зарыл. Тоолуу аймактарда жашаган адамдардын көздөрүн эт басып кетет, бул дагы көздү күндөн сактабагандын бир белгиси болуп саналат. Негизи кышында, күзүндө дагы көздү күндөн коргоо маанилүү, бирок жаз, жай айларында ачык жерлерде көп жүрөт эмеспизби, ошол себептүү бул мезгилдерде өзгөчө көңүл буруу кажет. Көз айнек көздү күндөн гана эмес, шамалдан, чаӊдан да коргоп берет.

Көз айнекти кантип туура тандайбыз?
Көз айнек тандаганда эң биринчи анын күндөн коргоо касиетине көңүл буруу керек. Күндүн ультрафиолет нурлары көзгө зыян тийгизип, чарчоого, көрүүнүн начарлашына алып келчүү факторлордун бири, мындан улам жазында, жайында сөзсүз түрдө күндөн коргоочу көз айнек тагынуу сунушталат. Күндөн коргоочу көз айнек ультрафиолет нурларын толугу менен тосо алгандай болуш керек. Мындай көз айнек көздү зыяндуу нурлардан сактоого жардам берет. Ал эми сапатсыз, арзан көз айнектер тескерисинче көзгө зыян алып келиши мүмкүн, анткени алар жөн гана караңгылатып коёт.
Көз айнектеги линзанын түсү да маанилүү. Мисалы, күрөң, боз же жашыл түстөгү линзалар көз үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Мындай линзалар жарыкты жумшартып, сырттагы көрүнүштү табигый сактайт. Өтө кара же өтө ачык түстөр дайыма эле жакшы боло бербейт. Туура тандалган көз айнек сиздин көзүңүздү күндөн коргоп, анын көрүү жөндөмдүүлүн сактап берет.
Көзгө ыңгайлуу көз айнек кандай болушу керек?
Көз айнек жөн гана кооз көрүнгөн аксессуар эмес, тагынганда ыңгайлуу, көздү чарчатпаган жана күндөн туура коргоп туруучу каражат болушу шарт. Биринчиден, көз айнек бетке туура келиши керек. Экинчиден мурдуңузду кыспай, кулакка оордук жаратпай жана беттин түзүлүшүнө жарашыктуу тандалышы зарыл. Андан кийин линзанын сапатына көңүл бурсаңыз болот.
Көз айнек көзүңүздү чарчатпай, башыңызды оорутпай жана аны узак тагынсаңыз да эч кандай ыңгайсыздык жаратпаса, анда ал туура тандалган көз айнек болот.

Көз айнекке туура кам көрүү
Көз айнекти туура колдонуу жана сактоо анын узак убакытка кызмат кылышын камсыздайт. Көп адамдар бул нерсеге көп маани бербегени менен, жөнөкөй эрежелер анын сапатын жакшы абалда сактап берет. Биринчи кезекте, көз айнекти туура тагынуу жана чечүү маанилүү кадам. Аны дайыма эки кол менен кармап кийип-чечкениңиз туура, бул көз айнектин кыйшайып же бошоп кетишинен сактап турат.
Көз айнекти башыңызга кондуруп жүрүү да туура эмес. Бул көз айнектин бош кармап калышына жана линзаларынын чийилүүсүнө шарт түзөт. Тазалоодо да этият болуу зарыл. Көптөр кийим же салфетка менен сүртүп коёт, бирок бул линзаны чийип салышы мүмкүн. Эң жакшысы атайын жумшак чүпүрөк менен тазалоо туура чечим. Көз айнекти ар дайым катуу баштыкта сактап жүрүү да маанилүү. Ошондой эле күндүн астында, мисалы унаанын панелине таштап коюу да туура эмес, бул учурда күндүн жогорку температурасы линзаны бузуп, рамканын формасын өзгөртүп коёт.