
Орусиянын президенти
Владимир Путин Чеченстандын башчысы
Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы уулу
Ахмат Кадыровго ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Дене тарбия жана спорт тармагындагы жетишкендиктери, ошондой эле көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн", - деп айтылат жарлыкта.
Ахмат Кадыров 2024-жылы жаштар иштери боюнча министр болуп дайындалып, кийин дене тарбия жана спорт министри кызматына өткөн. 2026-жылдын башында ал Чеченстандын өкмөт төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Белгилей кетсек Кадыровдун дагы бир 18 жаштагы уулу Адам Кадыров 2025-жылдын жаз айынан бери республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлейт. Ал эми кызы Айшат Кадырова жергиликтүү өкмөт төрагасынын орун басары болуп иштейт.