Биз социалдык тармакта

Бишкекте Ала-Арчанын жээги мыйзамсыз курулуштардан тазаланды

Бишкек шаарында Алтымышев көчөсү менен Ала-Арча дарыясынын жээгинде жайгашкан аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чаралар өзгөчө кырдаалдарда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга багытталган.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө төмөнкү объекттер демонтаждалды:
• 57 метр темир тосмо;
• 6 жеңил типтеги объект;
• 4 күркө;
• 2 контейнер;
• Жалпы аянты 80 чарчы метр бастырма;
• 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоо жана сулуулук салону);
• 12 чарбалык курулуш;
• 9 капиталдык тосмо.
Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Мыйзам бузгандарга карата чара көрүлүп, 5 жаранга жалпы 150 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле, Алтымышев көчөсү 124 дарегинде жайгашкан СПА-салон боюнча жер тилкесин бошотуу маселеси каралып, тиешелүү органдарга расмий кат жөнөтүлдү. Белгилүү болгондой, бул объектте мамлекеттик акт бар.
Муниципалитет шаардагы жер пайдаланууну тартипке келтирүү жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан