Бүгүн саат 13:20да Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сары-Иймек айылынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Кече айылынан чыгышка карай 22 чакырым аралыкта болгон.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин жеткен.