Бишкектеги №66 мектеп "бомба бар" деген кабардан улам эвакуацияланды
Бишкек шаарындагы №66 мектептин окуучулары имараттан эвакуацияланды. Окурмандардын айтымында, мектепке "жардыруучу зат бар" деген маалымат келип түшкөн.
Учурда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Расмий маалымат бериле элек.