Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык сериал эл аралык форумда башкы сыйлыкка ээ болду

Кыргызстандык "Red Pants" (Кызыл шым) сериалы Франциянын Лилль шаарында 2026-жылдын 21–27-март күндөрү өткөн Series Mania Forum 2026 эл аралык иш-чарасынын алкагындагы Co-Pro Pitching Sessions секциясында башкы сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу 31-мартта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул секцияга дүйнөнүн ар тарабынан жүздөгөн өтүнмөлөрдүн ичинен тандалган долбоорлор гана катышат. 2026-жылы эл аралык калыстар тобуна иштеп чыгуу стадиясындагы 15 сериал сунушталган.
Форумдун жыйынтыгында "Red Pants" (Кызыл шым) долбоору жеңүүчү деп табылып, 50 миң евро көлөмүндөгү грантка ээ болду.
Сериал Советтик Кыргызстандагы 1970-жылдардын аягындагы окуяны сүрөттөйт. Аскер кызматкеринин кызы Айша атасынын өлүмү үчүн өч алуу жана репрессивдүү системага каршы туруу максатында "Кызыл шым" аттуу аялдардан турган кылмыштуу топту түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан