Биз социалдык тармакта

Варикоз деген эмне жана ал кантип пайда болот?

Варикоз грек тилинен которгондо “кеңейүү” дегенди билдирет. Бул — веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда болушу мүмкүн: бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, түз ичегинин оозунда (геморрой), бутта, ички органдарда жана жыныстык органдарда. Бирок көп учурда ал буттан башталып, калктын 40 пайыз жабыр тартат, алардын жарымынан көбү аялдар.

SUPER.KG порталы жүрөк-кан тамыр хирургу, ординатор Актан Базаров менен маек куруп, варикоздун пайда болуу себептери жана алдын алуу жолдорун талкуулады.

Варикоздун пайда болуу себептери

Актан Базаровдун айтымында, варикоздун негизги себеби адамдын жашоо образы менен байланыштуу. Ал буттарга күч келип, веналарда кандын уюп калышына шарт түзөт. Оорунун айрыкча төмөнкү топтордо көп кездешет:

  • Узак убакыт бир жерде отуруп же туруп иштеген адамдар (кеңсе кызматкерлери, компьютер алдында иштегендер)
  • Физикалык күч талап кылган жумуштарда эмгектенгендер
  • Аялдарда гормоналдык өзгөрүүлөр, кош бойлуулук учуру
  • Семирүү
  • Бутту дайыма учкаштырып отуруу

Варикоздун белгилери

Варикоздун белгилери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Буттун тез чарчашы жана оорушу
  • Кечкисин тизелер жана кызыл ашык тегерегинин шишиши
  • Узакка айыкпаган жаралар, көбүнчө тизеде
  • Буттун сезимталдыгынын төмөндөшү, сайгылары жана ачышы
  • Теринин өңүнүн өзгөрүшү, кан тамырлардын кичинекей “жылдызча” же торчо сымал көрүнүшү

Эгер оору убагында дарыланбаса, веноздук жарага айланып, теринин өңү карарып же саргарып кетиши мүмкүн.

Варикоздун коркунучу

Көп адамдар варикозду жеңил кабыл алышат. Бирок оору өнүгүп кетсе, тромб (кандын түйдөкчөсү) пайда болуп, ал мээге жетсе инсультка, жүрөккө жетсе инфарктка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан варикоздун башталышында дарыгерге кайрылуу маанилүү.

Варикозду алдын алуу эрежелери

Сунуштар:

  • Жабышып турган кийимдерди жана муундарды кысып турган байпактарды кийбөө
  • Бутту кайчылаштырып отурбоо
  • Бир орунда узак убакыт отурганда 2-3 саат сайын көнүгүү жасоо
  • Мончонун буусуна жана күнгө катуу күйүүнү чектөө
  • Айымдар бийик такалуу бут кийимди аз кийүү, кийсе бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпоого тийиш
  • Чуркоо, сууда сүзүү, жөө сейилдөөнү күнүмдүк адатка айлантуу

Варикозду дарылоо жолдору

Баштапкы этапта консервативдүү дарылоо (дары-дармек, дене көнүгүүлөрү) жардам берет. Оор абалда болсо операция колдонулат:

  • Мурда салттуу хирургиялык операция узакка созулуп, бейтап бейтапканадан көп жатчу
  • Азыр жаңы ыкмалар бар: лазер аркылуу венанын ичин күйгүзүү, операция 30-40 мүнөттүн ичинде бүткөрүлөт, бейтап дароо үйүнө кете алат

Операциядан кийин варикоздун кайталануу коркунучу

Операциядан кийин бейтаптардын 15-20 пайызында варикоз кайра пайда болушу мүмкүн. Себеби буттун тери катмарында чоң жана кичи веналар бар, операцияда көбүнчө чоң вена гана иштетилет. Кичи веналар кийин кеңейип, кайра чыкса, адис сунуштаган алдын алуу эрежелерин сактоо маанилүү:

  • Ар дайым атайын байпактарды, колготкилерди кийүү
  • Дары-дармектерди убагында ичүү
  • Сууда сүзүү, чуркоо, күн сайын 1-2 саат жөө басуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан