Кыргызстандык калыстар Азиянын Чемпиондор лигасынын оюндарында кызмат алышат

Кыргызстандык калыстар Виктор Колпаков менен Кемель Токобаев 11-мартта өтө турган АФКнын Чемпиондор лигасынын оюндарында калыстык милдет аткарышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Виктор Колпаков өзбекстандык “Бунёдкор” командасынын АФКнын Чемпиондор лигасынын алкагындагы беттешинде калыстык милдет аткарса, Кемель Токобаев Катардын “Аль Раян” командасы менен ирандык “Эстехлал” командаларынын ортосундагы оюнда кызмат алат.  

Эске салсак, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Чемпиондор лигасы Азиянын чөлкөмүндөгү эң ири клубдук мелдеш болуп эсептелет. Ага Азиядагы футбол өнүккөн өлкөлөрдүн чемпиондору жана сыйлык ээлери катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Egen.Osh
2014-01-25 00:51:21
Эгер ушул Азия Чемпиондор Лигасында жакшы кызмат корсото турган болсо,кийин дуйно чемпиондугуна да жолдомо алышы мумкун.Азаматсынар ийгилик силерге!!!
0
adidilet
2014-01-29 09:07:07
Булар деген инспектор жана комиссар матчей болуп дайындалышкан,калыстардын үстүнөн карашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан