Биз социалдык тармакта

АКШ Ормуз кысыгын эл аралык көзөмөлгө өткөрүүнү сунуштады

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ормуз кысыгын эл аралык көзөмөлгө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу The Telegraph басылмасына таянуу менен РИА новости жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул сунушту G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирген. Ал мындай чечим Ормуз кысыгында кеме каттамдары эркин болуп, эч кандай төлөмдөрсүз жүргүзүлөрү менен түшүндүргөн.

Мындай сунуш боюнча кысык эл аралык консорциум тарабынан башкарылып, бардык өлкөлөр үчүн ачык болот.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик аракеттерди баштаган. Чабуулдар Тегеран баштаган ири шаарларга жасалган. Буга жооп катары Иран тарап АКШнын Бахрейн, Иордания, Ирак, Катар, Кувейт, жана Сауд Аравиядагы аскердик объектилерине сокку урган.

Иран бийлиги көп өтпөй дүйнөдөгү негизги деңиз жолу – Ормуз кысыгын да жаап салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан