Биз социалдык тармакта

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 1-апрелден тарта Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул тилкеде жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Бул иштер жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарт түзүүгө багытталган.

Шаар бийлиги тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, алдын ала маршрут пландап, альтернативдүү жолдорду пайдаланууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан