Фергана шаарында 29-31-март күндөрү Борбордук Азия мамлекеттери жана Азербайжандын Достук форуму өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумга Кыргызстандан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов катышты.
Жыйындын алкагында мамлекеттер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, коңшулук мамилелерди өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл элдик дипломатияга жана маданияттар аралык диалогго бурулду.
Ошондой эле форумдун жүрүшүндө кыргыз жана өзбек тараптарынын өкүлдөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташуунун келечектеги багыттарын талкуулашты.
Кыргыз делегациясынын катышуусу өлкөнүн аймактагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара ишенимди бекемдөөгө болгон умтулуусун тастыктады.