Министрлер кабинетинин чечими менен Нурбек Чегирткеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 31-мартта кол койгон.
“Анын дайындалышы бажы тармагындагы ишти күчөтүү жана башкарууну жакшыртуу максатын көздөйт”, - деп жазылган маалыматта.